Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 05-июлу № 18/2
Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Ж.Ташкулованын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Ж.Ташкулованын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |