Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 18-отуруму
2018-жылдын 05-июлу № 18/3
Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана дин иштери боюнча иш алып баруу боюнча
Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө» №203 Жарлыгына таянып,
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынын элдерине жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, аксакалдар кеңешине, аялдар кеңешине, айылдык Кеңештин депутаттарына, жамаат башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо, регламент, дин жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Өмүрбек Раевге, дин иштери боюнча иш алып баруучу Оморов Таштемирге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |