Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 19-отуруму
2018-жылдын 30-июлу № 19/3
Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2018-2019-күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө 1-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлсүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилери белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда жеке жоопкерчиликте экени белгиленсин.
2. Алай РЭТИнын кызматкерлерине бак-дарактарды тазалоого жакындан жардам көрсөтүү жана социалдык обьектилерди жетиштүү көмүр менен камсыздоо жагы, айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |