Редакцияот 28.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын 20-кезексиз отуруму 

2018-жылдын 28-сентябры № 20/5

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу АРИС тарабынан алынып келине турган фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасын сатып алууда үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акчалай каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренсинин 3-бөлүгүнө ылайык,

Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 20-кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинде каралган бөлүм 701 (аппарат) 3112 беренесинде турган акча каражаты, АРИС тарабынан алынып келине турган фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасынын жалпы баасы 3 580 000 (үч миллион беш жүз сексен миң) сомду түзгөн, келишимде көрсөтүлгөндөй айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү салым 25%ды 895 000 (сегиз жүз токсон беш миң) сом акча каражатын «Стройдормашсервис» ЖЧ коомуна түзүлгөн үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде которулуп берилсин.

2. Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын «Стройдормашсервис» ЖЧ коомуна которуп берүү жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Маназаров