Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 20-кезексиз отуруму
2018-жылдын 25-октябры № 21/2
Корул айыл өкмөтүндөгү тоют топтоонун жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 19-беренесинин 11-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүндөгү 2018-2019-жылдарга карата тоют топтоонун жыйынтыгын карап,
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарында тоют топтоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-2019-жылдардын кыш мегилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, тоют жетишсиз болсо башка жактан арзан баадагы тоютту алып келип, элди тоют менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы, айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Ысаковго жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |