Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 21-кезексиз отуруму
2018-жылдын 25-октябры № 21/3
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 9 айынын жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 9 айынын жыйынтыгы боюнча
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын тогуз айына карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландарын аткарууда, бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Оморовго милдеттендирилсин.
3. 2018-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |