Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 21-кезексиз отуруму
2018-жылдын 25-октябры № 21/5
АРИС тарабынан алынып келинген фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасынын айыл өкмөтүнүн аймагында кызмат кылуусунун тарифин бекитүү
АРИС тарабынан алынып келинген фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасынын айыл өкмөтүнүн аймагында кызмат кылуусунун тарифин бекитүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС тарабынан алынып келинген фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына кызмат кылуусунун тарифи бир саатына 2600 (эки миң алты жүз) сом болуп, анын ичинен 15% трактористтин эмгек акысына кирешеден түшкөн пайдасы (подоход) ичинде, 35% күйүүчү жана майлоочу майына, 20% амортизациясына, 30% ремонтуна жана кийинки техника алууга резервде сактоо үчүн бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына фронтальный погрузчик LW 500 FN маркасындагы ковшанын көлөмү 3м3 техникасынын кызмат кылуусунун тарифин жана техниканын абалын көзөмөлдөө жагы, жайыт комитетинин төрагасы Ж.Бекташовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |