Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-февралы № 1
Шарк айылдык аймагындагы элдик үрөөн фондун түзүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын КБФнын эсебиндеги жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана мурдагы “Элита” үрөөн чарбасынын ордуна жаңыдан элдик “Шарк” үрөөн фондун чарбасын түзүү максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кенешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын Шарк айылдык аймагындагы “Элита” үрөөн фондунун ижара эсебиндеги иштетип келген КБФнун 15,0 га сугат-айдоо жер аянты жаныдан “Шарк” үрөөн фондун түзүү үчүн Н.Солтоновго ижарага берилсин.
2. “Шарк” элдик үрөөн чарбасына ченемдик актылар жана Жоболордун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясы жана жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |