Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VIII сессиясын
2018-жылдын 07-февралы № 3
Жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын Жалпы жыйында кабыл алынган эки долбоорду бекитүү жөнүндө айылдык аймагынын башчысы Т.Тезекбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Парпиев, Хамза мектептеринин аянттарын брусчатка басуу, асфальт курулушу, тегерегин тосмосу боюнча жана Ташлак айылындагы Памир трассасындагы тратуар курулушу боюнча долбоорлор сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен Парпиев, Хамза мектептеринин аянттарын брусчатка басуу, асфальт курулушу, тегерегин тосмосу боюнча бекитилген долбоор үчүн 1,0 млн сом жана Ташлак айылындагы Памир трассасындагы тратуар курулушу боюнча долбооруна 1,0 млн. сом бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык аймагынын башчысы Т.Ж.Тезекбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юсупов |