Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VIII сессиясы
2018-жылдын 07-февралы № 4
Шарк айылдык аймагында ЖӨБ органдары тарабынан каралуучу жергиликтүү маселелер боюнча түзүлгөн комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын КРнын Президентинин жарлыктары, КР Өкмөтүнүн негизинде кабыл алынган укуктук ченемдик актыларды талаптарын аткаруу максатында түзүлгөн комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө айылдык аймагынын башчысы Т.Тезекбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын КРнын Президентинин жарлыктары, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде кабыл алынган укуктук ченемдик актыларын талаптарын аткарууга алынсын.Аймакта түзүлгөн 25 комиссиялардын курамын түзүү сунушталсын.
2. Комиссиялардын төрагаларына комиссиянын иш алып баруусу укуктук ченемдик актылардын негизинде жүргүзүү жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык аймагынын башчысы Т.Ж.Тезекбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юсупов |