Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги IХ сессиясы
2018-жылдын 18-апрели № 3
Шарк айылдык аймагындагы участкалык Калинин ооруканасы (ҮБДТ) га рентген аппарат үчүн бөлүнгөн 715,0 миӊ сомду статьясын (багытын) өзгөртүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагындагы ҮБДТ га рентген аппаратын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 715,0 миӊ сом иштетилбей рентген аппараты башка мекемеге берилип кеткендиктен. Ушул акчаны стационар бөлмөлөрдү ишке салуу үчүн иштетүүгө каражаттар статьясын өзгөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагындагы ҮБДТ га рентген аппаратын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 715,0 миӊ сом акчаны стационар бөлмөлөрдү ишке салуу үчүн иштетүүгө каражаттар статьясын өзгөтүлсүн.
2. ҮБДТ нун шартын аныктап, ишке салуу үчүн жумушчу тоб түзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясы жана ФЭБнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |