Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-шайланган) кезектеги IХ-сессиясын
2017-жылдын 15-августу № 1
Шарк айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана бюджетинин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
2017-жылдын 1-жарым жылдыгында айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштерди карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши:
Токтом кылат:
1. Шарк айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-жарым жылдыгына айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана бюджеттин аткарылышында жетишилген ийгиликтер менен жол коюлган кечилдиктердин бар экендиги белгиленсин.
2. Айыл калкынын жашоо денгээлин ар тараптуу жакшыртуу, социалдык-маданий жактан жогорулатуу, жумушсуздукту азайтуу максатында өнөр жай айыл чарба продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпин жогорулатуу, чекене товар жүргүзүү, элге акысыз кызмат көрсөтүү, транспорт тармагын өнүктүрүү субьектеридин жана ишкана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча 2017-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше бөлүгү 16864,7 мин сом , ал эми чыгаша бөлүгү 11142,0 мин сом болуп бекитүү сунушталсын.
3. 2017-жылдын II- жарым жылдыгында салык жана башка төлөмдөрдү жыюу иш-аракеттерин андан ары дагы күчөтүп, өндүрүлбөгөн карыздарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4. Айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн айылдар,мекеме-ишканалар жана жеке ишкерлер боюнча так, түшүнүктүү маалыматтарды жана анализдерди даярдоо ФЭБнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кененшинин бюджет, муниципалдык менчик жана финансы-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |