Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги IХ сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 2
Шарк айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-жарым жылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн социалдык тармакта жүргүзүлгөн иштер жана тартылган инвестициялар жөнүндө
2017-жылда айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары алкагында социалдык тармакта жана инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди карап жана талкуулап Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын 2017-жылдын 1-жарым жылдыгы социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын алкагында социалдык тармакта алып барылган иш-аракеттердин натыйжасында жетишилген ийгиликтерге карабай, айрыкча бул багытка сырткы инвестиция тартууда өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдарды ишинин жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Айылдык өнүктүрүү программалары үчүн айрыкча тышкы инветицияларды тартуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнүн анык иш-чараларын иштеп чыгуу багытындагы уюштуруучулук иштерди алып баруу айыл башчыларга жана Шарк айылдык аймагынын башчысынын орун басары К.Узарбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеӊеншинин «Социалдык маселелер, билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |