Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 3
Шарк айылдык аймагында жерге жайгаштыруужана жер маселелери боюнча 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Айыл аймагында жер ресурстарынан пайдаланууну жакшыртуу максатында 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында жерге жайгаштыруу жана жер маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалын карап жана талкуулап Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында жерге жайгаштыруу, жер маселелери жана жер ресурстарынан пайдаланууну жакшыртуу багытында алып барылган иштердин натыйжасында жетишилген ийгиликтер менен кошо жол коюлган кемчилдиктердин бар экендиги белгиленсин.
2. Атуулдардын турак-жай куруу үчүн жер тилксине болгон муктаждыгын азайтуу максатында Ачы массивинен 117 га, Чил-булак участкасынан 114 га жана Шилбили участкасынан 75 га жалпысы 306 га жер аянтынын элге берүүгө даярдоо боюнча жана жер ресурстарынан пайдаланууну жакшыртуу максатында ушул жерлери турак-жай үчүн берилген үлүш ээлеринин үлүш жерлерин тактоо айыл башчыларга, жер адистерине жана жер маселелери боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Акматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеӊеншинин «Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |