ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 4
Айыл аймагынын Шарк айылынын тургундарынын айылдык аксакалдар сотун түзүү жөнүндөгү чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын Шарк айылынын тургундарынын айылда аксакалдар сотун түзүү боюнча 27.06.2017-жылдагы айыл тургундарынын чогулушунун протоколун карап жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндө» мыйзамына таянуу менен Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Шарк айылынын тургундарынын айылдык аксакалдар сотун түзүү боюнча 2017-жылдын 27-июлундагы чогулушунун протоколу жана айыдык аксакалдар сотунун регламенти белгиленсин.
2. Түзүлгөн Шарк айылынын аксакалдар сотунун курамына өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык жана регламент негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеӊешинин «Укук коргоо,коомдук тартипти сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |