Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 5
Ош шаардык мэриясынын Санитардык жаӊы полигон куруу үчүн сураган жер аянты жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын Ачы массивинен жаӊы санитардык полигон куруу үчүн 29,8 га жер аянтын бөлүп берүүнү сураган Ош шаардык мэриясынын 05,06,2017-жылда №303/08-13, Кыргыз Респубдикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин 07.07.2017-жылдагы №07/2- 597-4 каттарын жана ОШ шаардык мэриясында, жаны санитардык полигон куруу боюнча Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагынын Ачы массивинен жер бөлүп берүү боюнча 23.05.2017 жылда өткүрүлгөн жыйындын протоколун карап, талкуулап жана 2008-2009, 2011-2013-жылдарда Ош шаарынан муктаждыгы үчүн жалпысы 611,8га жер аянты берилгендигин, ошондой эле айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жерге участогуна болгон муктаждагы өтө курч мүнөздө болгондугун эске алуу менен Шарк айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жаны санитардык полигонун куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы сураган Ачы массивиндеги 29,8 га жер аянты айыл калкынын турак жай куруу боюнча жер участогуна болгон муктаждыгын канаттандыруу үчүн айыл аймагынын балансында калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеӊешинин «Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |