Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 6
Шарк айылдык аймагынын Ачы массивинен Ош шаардык мэриясынын тиричилик чыгындыларын тоштоо үчүн сураган жер участок жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын Ачы массивинен Ош шаардык мэриясынын тиричилик чыгындыларын тоштоо үчүн 30,0 га жер аянтын сугат жер участок жөнүндө Шарк айылдык кеңеши бул маселени угуп жана талкуулап, алар тарабынан киргизилген сунуштарды эске алып айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачы участогундагы Ош шаардык мэриясы тарабынан суралган жайыт жана чөп-чабынды жерлерин, азыркы мезгилде элдин санын өсүшүн жана ал жерге пландаштырылган шаар тибиндеги кичи райондун курулушу башталгандыгына байланыштуу, санитариялык жана гигиеналык нормалардын талаптарын келип чыгышын эске алып көрсөтүлгөн жер аянтын Шарк айылдык аймагынын балансында калтырылсын.
2. Айылдык аймагынын генералдык пландын негизинде тартипке салуу боюнча сын-пикирлер Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына сунушталсын.
3. Токтомду ишке ашыруу жагы туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |