Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 7
Шарк айылдык аймагынын жараандарынын арыздарын кароо жөнүндө
Шарк айылдык аймагындагы Падаван айылында “Салиха” аялдардын ислам үйрөнүү окуу борборун ачууга уруксат сурап жазган арызын карап жана талкуула Шарк айылдык кеңешинин (VI шайланган) сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги сессиясы Шарк айылдык аймагынын Падаван айылында аялдардын ислам үйрөнүү окуу борборунун ачылышына уруксат берилсин.
2. “Салиха” аялдардын ислам үйрөнүү окуу борборунун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк кылуу Шарк айылдык аймагынын башкы имам-хатиби Р.Нишановго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеӊешинин «Укук коргоо,коомдук тартипти сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |