Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 8
Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетине кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылда айылдын финанса –экономикалык өнүгүү программалары алкагында ФЭБнүн жүргүзүлгөн иштерди карап Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-жарым жылдыгына карата бюджетинин талкуулап айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1-жарым жылдыкта үнөмдөлгөн 2700,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй жумшалсын:
-Айыл аймагындагы мектеп жана балдар бакчалары үчүн от өчүрүүчү жабдыктарды (протовопожарный щит) сатып алууга -30,0 миң сом.
-Айыл өкмөтүнүн ВУС кабинеттерин жаңы типтеги (единый окно-паспортного стола) кызмат көрсөтүү жеткирүү үчүн капиталдык оңдоого-216,0 миң сом.
-Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам берүү үчүн -20,0 миң сом.
-Т.Мусаев атындагы орто мектебинин жылытуу тармагынын өртканасын ремонт кылууга -350,0 миң сом.
-Парпиев мектебинин терезе жана эшиктерин жаңы типтеги пластикке алмаштыруу жана ремонт кылууга -150,0 миң сом.
-Боболашкар №125 мектебинин имаратынын чатырын жаңылоого -180,0 миң сом.
-Ибн-Сина мектеби үчүн стол, стул, жана башка эмеректерди сатып алууга 160,0 миң сом.
-Хамза мектебинин кошумча имаратынын өртканасын ремонт кылууга – 120,0 миң сом
-Топ-терек мектебинин отканасын ремонт кылууга жана рам, эшиктерин жаңылоого –150,0 миң сом.
-№124 мектебине көмүр сактоо үчүн навес жана көзөмөлдүк кылуу (охрана) үчүн бөлмө курууга –100,0 миң сом.
-Айыл аймагында болгон 6 балдар бакчасынын ашканасынан чыгуучу чыгынды суулары үчүн септик кылууга – 300,0 миң сом.
-Ташлак айылынын Бекмурзаев, Биримдик, Ш.Рахман көчөлөрүндөгү турак жайлардын үстүнөн өткөн чоң чыналуудагы электр линиясын башка коопсуз жерге которуу боюнча электр өткөргүч зымдарын сатып алууга –150,0 миң
-Айылдагы оорукананын эшик, рамарын жаңылоого, жылытуу тармагын ремонт жана оорукананын тегерегиндеги тосукту жаңылоого 674,0 миң сом.
-Айыл аймагындагы жапайы кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу жумуштарына – 20,0 миң сом каралууда.
-МТФ 6 км көчөсү үчүн 300,0 миң сом .
-280,0 миң сомду айыл аймагындагы жаны элдик конуштарга электр энергиясын өткөрүү боюнча мамычаларды сатып алууга, -20,0 миң сом Шарк айылынын өрттөнгөн «Орзу» көчөсүнүн тургундарына Ормонов Абдуманнап жана Нурсултанова Гулчехрага материалдык жардам катары берүү.
-Достук көчөсүнө асфальт төшөөгө 250,0 миң сом.
-Акматов көчөсүндөгү көпүрөө үчүн материал сатып алууга 250,0 миң сом,
2. Шарк айылдык аймагына караштуу көчөлөргө шагыл төшөө үчүн 550,0 миң сом каралып бекитүү сунушталсын.
3. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017 –жылдын 2-жарым жылдыгына чыгаша бөлүгүндөгү өзгөртүлгөн каражат 4350,0 миң сом болуп бекитүү сунушталсын.
4. 2017-жылдын II –жарым жылдыгында салык жана башка төлөмдөрдү жыюу иш – аракеттерин андан ары дагы көчүрүп, өндүрүлбөгөн карыздарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөткө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин «Бюджет, муниципалдык менчик жана финансы-эконмикалык өнүгүү» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |