Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 9
Шарк айылдык аймактын Медресе айылындагы 1,0 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, «Жер участокторун которуу(трансформациялоо)» жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 «Жер участокторун которуу(трансформациялоо)» тартиби жөнүдөгү № токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-январындагы № 7-б «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө» буйругу менен түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймактын Медресе айылында № 922 кортунда жайгашкан Туманов Мирландын Жеке менчигиндеги айыл чарба багытына жараксыз болгон 1,0 га жер аянтын «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» категориясына которуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин «Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |