Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 15-августу № 10
Шарк айылдык аймагынын Мачак айылына статус берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, калктуу конуштар жөнүндө мыйзамына ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «айыл статусун берүү» мыйзамына ылайык Шарк айылдык аймагынан орун алган «Мачак» калктуу конуштар участогуна «Мачак айылы» статусун берүү максатында Шарк айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынан орун алган «Мачак» калктуу конуштар участогуна «Мачак айылы» статусун берүү боюнча Мачак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 11-апрелиндеги №1 , 2017-жылдын 1-майындагы №2 протоколдорунун негизинде жана Шарк айылдык кеңешинин «жер, турак жай жана коммуналдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда талкуулап «Мачак» айылы статусу берилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кененшинин «Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |