Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели № 1
Шарк жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга каралган бюджети жөнүндө
Шарк жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга каралган бюджетинин бекитүү маселесин жайыт комитетинин мүчөлөрү катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кенештин бюджети жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата жайыт комитетинин бюджетинин кирешелер жана чыгашалары негизги эсеп счеттон 200 000 миӊ сом өлчөмүндө бюджети жана иш-планы 1,2,3 -тиркемелерге ылайык сунушталсын.
2. Шарк жайыт комитетинин ишмердүлүгүн жандандыруу үчүн жайыт комитетине көп жылдык чөптөрдүн уругун жетиштирип жайыт жердин кыртышын жакшыртуу үчүн КБФнун кайрак-айдоо жеринен 15,0 га аукциондун башталгыч баасында, максаттуу пайдалануу шарты менен ижарага берилсин.
3. Токтомду ишке ашыруу жагы жайыт комитетине, кайрак – айдоо жерди ажыратып берүү жер адистерине жүктөлсүн.
Төрага | А. Юсупов |