Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели №2
Шарк айылдык аймагындагы Кайра бөлүшүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун үнөмдүү пайдалануу максатында чогулушунда каралып жана алымча кошумчалар менен толуктоолорун карап жана талкуулап Шарк айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кенешинин (VI-шайланган) кезектеги сессиясы Шарк айылдык аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү туруктуу комиссияга жүктөлсүн. Түзүлгөн комиссия иштерин КР өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби ” жөнүндөгү мыйзамдарынын, жер кодексинин, нормативдик актылары, типтүү жоболордун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
2. Шарк айылдык аймагындагы көп жылдык бак-дарак, тыт-көчөт жана кайрак айдоо, чөп-чабынды жерлердин башталгыч баасын бак, тыт-көчөт жерге - 4500 сом, кайрак айдоо жер үчүн - 1500 сом, чөп-чабык жерлерге - 1200 сом деп сунушталсын. Ал эми Ачы участогундагы көп жылдык бак үчүн сугат суу тартыш болгондуктан башталгыч баасы - 1000 сом деп белгилеп аукционго коюлсун. Аукционго коюлган жер аянттарын кепилдик төлөмү башталгыч баанын - 10-15 пайызы, аукциондун кадамы - 10 пайызден кем эмес деп сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы жана жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |