Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели № 3
Шарк айыл аймагынын тургундарынын экологиялык, санитардык, аймактын авто унаа жолдорундагы техникалык коопсуздук, көрктөндүрүү жана эскилиги жеткен бак-дарактарды кыюу менен ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу жөнүндө
Экология жана айлана чөйрөнү коргоо, элдүү пункттарда санитариялык абалды сактоо, техникалык коопсуздук, айылды көрктөндүрүү жана жакшыртуу, эскилиги жеткен бак-дарактарды кыюу жана ордуна жаңы көчөттөрду отургузуу боюнча тургундардан келип түшкөн арыздарды кароо жөнүндө сунуштарды жана алымча кошумчалар менен толуктоолорун карап жана талкуулап Шарк айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экология жана айлана чөйрөнү коргоо, элдүү пункттарда санитариялык абалды сактоо, техникалык коопсуздук, айылды көрктөндүрүү жана жакшыртуу, эскилиги жеткен бак-дарактарды кыюу жана ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча тургундардан келип түшкөн арыздарды кароо боюнча жумушчу топ түзүлсүн .
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы менен жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |