Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели № 4
Шарк айылдык аймагындагы таза ичимдик суу боюнча алардын кызмат төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын тургундарына 2017-жылга карата аймактын таза ичимдик суу боюнча пайдалануучулар бирикмелеринин кызмат төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө сессиянын отурумунда каралып жана алымча кошумчалар менен толуктоолорун карап жана талкуулап Шарк айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кенешинин (VI-шайланган) кезектеги сессиясы Шарк айылдык аймагындагы таза ичимдик суу боюнча тейлеген СООППВ бирикмелеринин кызматкерлерине ченемдик актылар жана жоболордун негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
2. Кызмат төлөмдөрүнүн тарифтери, акча каражаттарын жумшалышын талкуулап кенештин детутаттары турак жайынын ички тарабына алып кирип пайдалангандарга 25 сомдон, ал эми көчөдөгү түтүкчөлөрдөн суу алып пайдалангандар үчүн 10 сомдон тариф белгилөө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы жана жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |