Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели № 5
Шарк айылдык аймагындагы айылдагы тургундардын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча комиссия курамдарын бекитүү жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын турак-жай комиссиясынын ишин жандандыруу жана элди турак-жайга болгон керектелүүсүн камсыз кылуу боюнча айылдарда айыл башчысын комиссия төрагасы болуп , 5-9 мүчөдөн турган комиссия түзүү боюнча сессиянын отурумунда каралып жана алымча кошумчалар менен толуктоолорун карап жана талкуулап Шарк айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын турак-жай комиссиясынын ишин жандандыруу жана элди турак-жайга болгон керектелүүсүн камсыз кылуу боюнча айылдарда айыл башчысын комиссия төрагасы шайлансын жана калкынын санына жараша 5-9 кишиден турган комиссия мүчөлөрү сунушталсын. 2. Калктан түшгөн турак-жай куруу үчуүн жер участогун сурап арыз менен кайрылган жарандардын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлөрүн изилдөө, аныктоо жана так маалымат такталып айыл өкмөтүнүн комиссиясына сунушталсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы жана жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Юсупов |