Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели №6
Шарк айылдык аймагындагы айылдагы тургундардын социалдык жактан коргоо жана кедей үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүү өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Шарк айылдык аймагынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын ишин жандандыруу жана элдин кедей каттамына, өтө жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча айылдарда айыл башчысын комиссия төрагасы болуп, 5-9 мүчөдөн турган комиссия түзүү боюнча сессиясынын отуруму талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын турак-жай комиссиясынын ишин жандандыруу жана элди турак-жайга болгон керектелүүсүнүн камсыз кылуу боюнча айылдарда айыл башчысын комиссия төрагасы шайлансын жана калкынын санына жараша 5-9 кишиден турган комиссия мүчөлөрү сунушталсын. 2. Калктан түшгөн турак-жай куруу үчүн жер участогун сурап арыз менен кайрылган жарандардын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлөрүн изилдөө, аныктоо жана так маалымат такталып айыл өкмөтүнүн комиссиясына сунушталсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясы жана жер ресурстарын башкаруу, айыл чарба бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | А.Юсупов |