Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясынын (VI шайланган )
2017-жылдын 06-апрели №8
Шарк айылдык аймагындагы айыл чарба багытында эмес жана кум казып алуу, кыш өндүрүү ишканалары үчүн ижарага берилүүчү жерлер жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында эмес жана кум казып алуу, кыш өндүрүү ишканалары үчүн ижарага берилүүчү жерлерди үнөмдүү пайдалануу Шарк айылдык кеңешинин (VI шайланган) сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кенешинин (VI-шайланган) кезектеги сессиясы Шарк айылдык аймагындагы айыл чарба багытында эмес жана кум казып алуу, кыш өндүрүү ишканалары үчүн ижарага берилүүчү жерлерди ижарага берүүнү туруктуу комиссияга жүктөлсүн. Түзүлгөн комиссия ишмердүүлүгүн КР Өкмөтүнүн “айылдык аймактын балансындагы жерлерди ижарага берүүнүн тартиби ” жөнүндөгү мыйзамдарынын, жер кодексинин, нормативдик актылары, типтүү жоболордун негизинде иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
2. Шарк айылдык аймагынын Даёги участогунда кум казып алуу үчүн ар бир чарчы метр жер аянты башталгыч баасы 150-250 сомдон жана кыш өндүрүү ишканалары үчүн ар бир чарчы метр жерге 150-250 сомдон башталгыч баасы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |