Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 28-декабры № 2
Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018 -жылга каралган бюджети жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери , айыл башчылар,бюджеттик мекемелердин жетекчилери катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджети жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 34053,3 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2018-жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталсын. 2018 - жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга (эмгек акы,социалдык фондго төгүмдөр) каржылануусу белгиленсин.
3. Айыл өкмөт аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын дифференцияланган базалык ставкалары 5 жылдын деңгелинде сакталып 2018-жылга бекитилсин.
4. 2018-жылга Башкаруу аппараттын каржылоосу 8256,3 миң сом, экономикалык маселелерине 639,7 миң сом, айыл чарбасын башка кызмат көрсөтүүлөр 160,3 миң сом, турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө 8755,0 миң сом, китепкана үчүн 202,0 миң сом, маданият үйүнө, клубдарды каржылоосу 1215,9 миң сом, маданият боюнча башка иш чараларды өткөрүүгө 1915,4 миң сом, мектепке чейинки билим берүүго 5245,2 миң сом, билим берүүгө 5251,2 миң сом жана социалдык жактан коргоо үчүн 2412,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. 2017-жылы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча каржыланбай калган чыгымдар 2018-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 2–октябрындагы № 543 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын айылдардын айыл башчылары жөнүндөгү 2006-жылдын 6 – октябрындагы типтүү жобосүнүн негизинде айыл өкмөт кызматчыларынын (жалпы саны 39 штат бирдиги анын ичинен техкызматкерлер 4 штат бирдиги ) , ал эми айыл башчылары 5 штат болуп жетектөөчү адис деңгээлинде бекитилсин.
7. Шарк айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетин аткарылышы атайын эсеп жана бюджетин жыйынтыгы боюнча, кирешелер боюнча 52986,3 миң сом жана чыгашалар боюнча 33952,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетин сметасынан ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөт эсебинде калып, социалдык обьектилерине жумшалары белгиленсин.
9. Жыл ичинде зарыл болгон учурда айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы финансы – экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, муниципалдык менчик, финанс – экономика өңүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |