Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 28-декабры № 3
Шарк айыл өкмөтүнүн эсебинде 2018–жылдын 1–январына карата калган калдык 14666,9 миң сомдун кошумча сметасы жөнүндө
Шарк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган кошумча бюджетин бекитүү маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилери катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджети жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2018 – жылдын 1 – январына карата калган калдык 14666,9 миң сом суммасында бекитилсин.
2018 – жылга Шарк айыл өкмөтүнүн бюджетинин кошумча сметасы негизинде сарпталсын.
70429 – Айыл чарбасынын башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 133,5 миң сом,
70629 – Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 9243,7 миң сом,
70823 – Маданият үйлөрү, клубдарды каржылоосу боюнча – 250,0 миң сом
70911 – Мектепке чейинки билим берүү тармагы боюнча – 1925,6 миң сом,
70921 – Билим берүү тармагы боюнча – 2956,1 миң сом
2.6. 70111- Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары- 158,0 миң сом
2. Жыл ичинде зарыл болгон учурда айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы финансы – экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, муниципалдык менчик, финанс – экономика өңүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |