Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 28-декабры №4
Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур - Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият,Ташлак айылындагы Раян жана Медресе айылындагы Актан Нуру балдар бакчаларынын атайын эсеп боюнча ата энелер взносунун (төлөмдөрүн) өлчөмүн жана сметасын бекитүү жөнүндө
Республикалык бюджеттин каржылоосу менен иштеп жаткан Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк, Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият, Ташлак айылындагы Раян жана Медресе айылындагы Актан Нуру мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчаларынын ) атайын эсеп боюнча ата – энелер взносунун ( төлөмдөрүн ) өлчөмүн жана сметасы жөнүндөгү маселени карап Шарк айылдык кеңешинин сессиясы :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк, Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият, Ташлак айылындагы Раян жана Медресе айылындагы Актан Нуру мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчаларынын) ата – энелер взносунун ( төлөмдөрүн ) 500 ( беш жүз ) өлчөмүндө бекитилсин жана анын эсеби айыл өкмөтүнүн банктык атайын эсеби менен жүргүзүлүшү белгиленсин.
2. Күн – Нуру Шарк, Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Бүчүр Маданият, Раян жана Актан Нуру мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчалары) боюнча ата – энелер взносу ( төлөмдөрү) боюнча түзүлгөн сметасынын киреше бөлүгү 4650,0 миң сом болуп, бардык чыгаша бөлүгү 4650,0 миң сом, анын ичинен : тамак – аш азыктарын алуу үчүн – 4650,0 миң сом болуп бекитилсин.
3. Жыл ичинде зарыл болгон учурда айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы финансы – экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, муниципалдык менчик, финанс – экономика өңүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Юсупов |