Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 28-декабры № 5
Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур - Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият, Ташлак айылындагы Раян жана Медресе айылындагы Актан Нуру балдар бакчаларынын атайын эсеп боюнча 2018-жылдын 1- январына карата калган калдык 267,4 миң сомдук сметасынын бекитүү жөнүндө
Республикалык бюджеттин каржылоосу менен иштеп жаткан Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк, Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият, Ташлак айылындагы Раян жана Медресе айылындагы Актан Нуру мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчаларынын ) атайын эсеп боюнча сметасынын негизинде 2018 – жылдын 1 – январына карата калган калдык 267,4 миң сом сумма жөнүндөгү маселени карап Шарк айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн Падаван айылындагы Күн – Нуру Шарк, Шарк айылындагы Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Маданият айылындагы Бүчүр Маданият жана Ташлак айылындагы Раян мектепке чейинки билим берүү (балдар бакчаларынын ) атайын эсеп боюнча сметасынын негизинде 2018 – жылдын 1 – январына карата калган калдык 267,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана анын эсеби айыл өкмөтүнүн банктык атайын эсеби менен жүргүзүлүшү белгиленсин.
2. Күн – Нуру Шарк, Ак-Шоола Нуру, Нур Шаттык, Бүчүр Маданият жана Раян мектепке чейинки билим берүү ( балдар бакчалары ) боюнча 2018 – жылдын 1 – январына карата калган калдык 267,4 миң сом, түзүлгөн сметасынын киреше бөлүгү 267,4 миң сом, бул акча каражатын жабдуулар сатып алууга статья 22221100 – 267,4 миң сом жумшалсын.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, муниципалдык менчик, финанс – экономика өңүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юсупов |