Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы
2018-жылдын 28- июну № 74
Салам-Алик айыл аймагынын 15 жаш айылына бала-бакча ачуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагына караштуу 15 жаш айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча айылдын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 15-июнундагы № 5 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндөгү мыйзамынын 14-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 15 жаш айылынын 2018-жылдын 15-июнундагы № 5 жалпы элдик жыйынынын токтому жактырылсын.
2. 15 жаш айылынын көптөгөн үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү максатында 15 жаш айылынын тургуну Качыкеев Токтосундун өзүнө таандык турак үйүнө 25 орундуу, бир тайпалык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
3. Балдар бакчасын ачуу жана ага ысым ыйгаруу боюнча 15 жаш айылында 2018-жылдын 15-июнундагы өткөрүлгөн элдик жыйындын № 5-токтомунун негизинде жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын добуш берүүсүнө ылайык, балдар бакчасы “Касыйда-Апа” балдар бакчасы деп аталсын жана аталышы юстиция органынан макулдук суралсын.
4. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук экотехинспекциядан жана өрт коопсуздугу башкармалыгынан, райондук санитардык-эмпидемиялык көзөмөл борборунан, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, райондук электр тармактары ишканасынан талапка ылайык юридикалык документтик бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткаруу жана тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Суралсын райондук каржылоо бөлүмүнөн жаңыдан ачылуучу “Касыйда-Апа” балдар бакчасын мамлекеттик бюджеттен каржылоо жагы.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, байланыш жана социалдык маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Т.Тойчубекова |