Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы
2018-жылдын 28- июну № 75
Салам-Алик айыл аймагындагы “Ризван”, “Азада-Эне”, жана “Жаш жеткинчек” балдар бакчаларына ата-энелерден топтолуучу тарифтик сумманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-жана 43-1-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, айыл аймгындагы балдар бакчаларынын жамааттарынын токтомдорунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Балдар бакчасындагы багылып тарбияланып жаткан ар бала үчүн ата-энелерден чогултулуучу тарифтин суммасын бекитип берүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл аймагынын “Ризван” балдар бакчасындагы ата-энелердин 2018-жылдын 10-январындагы № 1 токтому, “Азада-Эне” балдар бакчасындагы ата-энелердин 2018-жылдын 10-январындагы № 1 токтому жана “Жаш жеткинчек” балдар бакчасынын ата-энелердин 2018-жылдын 10-январындагы № 1- токтомдору жактырылсын.
2. Элдик жыйындаррда көрсөтүлгөн бала бакчалардагы багылып, тарбияланып жаткан балдарга ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взносунун тарифтик ставкасы 600(алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Т.Тойчубекова |