Редакцияот 28.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы

2018-жылдын 28- июну № 76

Салам-Алик айыл өкмөтүнө кызматтык автомашина суроо жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтү Өзгөн районундагы шарты катаал тоолуу айыл өкмөттөрүнүн катарына кирет. 7 айылдан туруп, алыскы 15 жаш айылы борбордук чарбактан 20 чакырым алыстыкта турат, кээ бир жылдары кышында кар көп жааганда жолдор жабылып, машиналар жүрө албай калат. Айыл өкмөтүнө 2008-жылы “Нива” автомашинасы берилген. Азыркы убакта эскирип, тез-тез бузулуп, ремонт талап кылып жатат.

Ошондуктан жаңы автомашина алуу зарылдыгы келип чыгууда.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысынын сунунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын эскилиги жетип, оңдоп-түзөө иштерине көп суммадагы акча каражаты талап кылынып жаткандыктан жаңы автоунаа керектиги белгиленсин.

2. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Т.Тойчубекова