КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезектеги он төртүнчү сессиясы
2018-жылдын 27-октябры № 14-2
Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу
Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 51-беренесинин 1-пунктунун 3-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түрткү берүүчү грантка жөнөтүлгөн долбоолордун өздүк салымдары үчүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты каралып берилсин.
2. Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын 2019-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |