Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезектеги он төртүнчү сессиясы
2018-жылдын 27-октябры № 14-4
Жаңыдан түзүлгөн көчөлөргө ат коюуу тууралуу
Шаңкол айылындагы жаңыдан түзүлгөн көчөлөргө ат коюуу тууралуу жамааттардын жалпы жыйынын чечими тууралуу айыл башчысы А.Жамгырчыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 9-пункчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол айылындагы “Гүл” балдар бакчасынын түндүк жагында жаңыдан түзүлгөн алты көчөгө “Алмалуу”, “Шаңдуу”, “Шаңкол”, “Кыргызстан, “Нур” жана “Манас” деген аттарды коюуу тууралуу ошол жердин жамаатынын сунушу жактырылып, бекитилсин.
2. Жаңыдан түзүлгөн көчөлөргө “аттары жана үйлөрдүн номерлери” жазылган табличкаларды илдирүү жагы айыл башчысы А.Жамгырчыевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |