Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги I сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 1-10
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2018-жылдын 8-февралындагы чыгыш №14 сандуу катта көрсөтүлгөн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү боюнча маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын;
2. Жогорудагы маселенин юридикалык жагын карап, мыйзамдуулугун аныктоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | Т. Ыдырысов |