Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 25-майы № 2-2
Ат-Башы айылындагы жазгы айдап- себүү, сугат жана көчүп- конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айылындагы жазгы айдап- себүү, сугат жана көчүп- конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Асаналиевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы жазгы айдап- себүү, сугат жана көчүп- конуу иштеринин, жайыттын абалы, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы боюнча айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Асаналиевдин берген маалыматы эске алынсын.
Төрага | Т. Ыдырысов |