Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 25-майы № 2-3
Ат-Башы айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү жана айылдагы малдардын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү жана айылдагы малдардын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иштеринин абалы жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси У.Жандыралиевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айылындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү боюнча бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
Ат-Башы айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдардын идентификациясынын жүрүшү жана айылдагы малдардын жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси У. Жандыралиевдин берген маалыматы эске алынсын.
Төрага | К.Асанбаева |