Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 25-майы № 2-5
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы, соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндө
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы, соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мызамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө соода-сатыктүйүндөрүнүн жайгашуусунун мызамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын берген маалыматы эске алынсын.
2. Ат-Башы айылындагы «Береке» базарын ирээтке келтирүү максатында тротуарларда туруп алып соода кылган ишкерлерге «Ат-Башы- Дордой» базарынан соода кылгандай орун уюштуруп берүү жөнүндө кайрылуу, «Дордой» ассоциациясынын президенти А.Салымбековго айылдык кеңештин атынан жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | Т. Ыдырысов |