Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 25-майы № 2-7
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушунун мыйзамдуулугун карап тактап чыгуу жагы айыл өкмөттүн башкы адис-юристи А.Кудайбергеновага милдеттендирилсин.
2. Жогорудагы маселе айылдык кеңештин кийинки кезексиз сессиясына калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Төрага | К.Асанбаева |