Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 25-майы № 2-8
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасын бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2021-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Аталышы | Жылдар | ||
2019-ж | 2020-ж | 2021-ж | ||
1 | Жергиликтүү киреше | 18458,4 | 18590,4 | 18725,6 |
2 | Тендештирилген грант | 6515,4 | 6000,0 | 6672,3 |
3 | Жалпы киреше | 24973,8 | 24590,4 | 25397,9 |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К.Асанбаева |