Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги III сессиясы
2018-жылдын 28-августу № 3-2
Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2018-жыл үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттардын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2018-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон 398 200 сом ( үч жүз токсон сегиз мищ эки жүз мищ) сом акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги үнөм болгон 398 200сом акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
Беккари чущкурун курууга 80 000 сом;
-Контейнер алууга 50 000 сом
-Тосмого, үстүн жабууга 30 000 сом
Экологияга 75 000 сом;
Бала бакчаларга: 64 200
-К.Тыналиев 27 000 сом;
-А.Курманалиев 20 000сом;
-Асылзат –Зирек 17 200 сом
Кассалык аппарат 21 000 сом;
Адвокат кызматына 80 000 сом;
Госрегистр кызматына 78 000 сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К.Асанбаева |