Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги III сессиясы
2018-жылдын 28-августу № 3-3
Ат-Башы райондук ҮБМБ нүн директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 06-июлундагы кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы районундагы Ак Сай өрөөнүнө ҮБМБ типтүү жащы имаратын салуу жөнүндөгү Ат-Башы райондук ҮБМБнүн директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 06-июлундагы кайрылуусун угуп жана талкуулап , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай өрөөнүндөгү малчылардын кызыкчылыгы үчүн Ак-Сай өрөөнүнөн Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон жерден ҮБДТна имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
2. Долбоорлук жана укук берүүчү документтери менен камсыз кылууга көмөктөшүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбеккке милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанбаева |