Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XV сессиясы
2018-жылдын 19-ноябры № XV-2
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, А.Абдуллаев, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин 2018-жылдын 15-ноябрындагы өткөрүлгөн чогулуштарынын негизиндеги №1 сунуш кылынган протоколдорундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди талкуулап көрүп, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов, А.Абдуллаев, Х.Самиев атындагы орто мектептеринин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №1 протоколдорун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Нуриддинова Мухаббатхан Сахаддиновна, Камалова Нургыз Гапаржановна жана Саттарова Разия Мамажакыповналарды талапкерликке сунуш кылынсын. (Протоколдор тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык мэриясынын башкы адиси М. Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | А.Гафаров |