Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 75/13-27
Айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин ишмердүүлүктөрү жөнүндө
“Айыл аймагында жайгашкан мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин ишмердүүлүктөрү жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүктөрүн жакшыртуу боюнча айыл өкмөтү белгилүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айылдык кеңеш белгилейт. Биринчи май толук эмес орто мектебинде ашкананын жана көмүр сактоочу жайында кайра ондоо иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөттүн карамагында жайгашкан баардык мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде кайра калыбына келтирүү иштери аяктады. Жетишпегендиктер бар, бардык мектептерде педагогикалык кадрлар жетишпейт.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Айылдык округдун аймагында жайгашкан мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин ишмердүүлүктөрү жөнүндө” маалымат эске алынсын.
2. Мектеп директорлору мектептерде жетишпеген кадрларды камсыздоо боюнча иш чара жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кеңешинин тартип, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |