Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № 78/13-27
Биринчи май орто мектебинин ашканасын жана көмүр сактоочу жайын кошумча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Биринчимай орто мектебинин директору Г.Д.Осмонованын “Биринчи май орто мектебинин ашканасын жана көмүр сактоочу жайын кошумча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө” берген маалыматын угуп жана аны талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ашкананын жана көмүр сактоочу жайын кайра калыбына келтирүү иштеринин көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү буйругу чыгарылсын.
2. Комиссиянын түзүлгөн актысынын негизинде Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн бюджетинен Биринчи май орто мектебинин ашканасын жана көмүр сактоочу жайын кошумча калыбына келтирүү иштерине акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |