Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №1
«Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерининдеги, социалдык жактан коргоо иштеринин жүрүшүндөгү орун алган кемчиликтерди четтетүү жагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине жана Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |