Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 26-октябры №3
«Исфана шаарынын 2018-2020-жылдарга карата Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаарынын 2018-2020-жылдарга карата Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2018-2020-жылдарга карата Өнүгүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын
26-октябрындагы кезектеги XVIII сессиясынын №3 токтомуна тиркеме
Исфана шаар мэриясы
Исфана шаарынын
2018-2022 жылдарга карата
өнүгүү программасы
Июнь 2018-жыл.